№20 И. Исаев орто мектебинин директору Кара-Булак айылындагы мектептин филиалынан кабар алды.
№20 И. Исаев орто мектебинин директору Сакенова Назира Абдылдаевна жана мектептин организатору Назима Токтошева, мугалим Айтунук Токтосуновалар болуп тоолу таатал шарттагы, деңиз денгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкан Кара -Булак башталгыч мектебине барып ал жердеги жагдай менен таанышышты. Мектептеги болуп жаткан иштер жана пландар менен таанышып усулдук сүйлөшүүлөр болду. Ошону менен мектепке бир комплект компьютер атайын мугалимдердин иш кагаздарын жүргүзүү максатында берилди.
Комментарии